Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - Шаар
 

Шаар

 
ШААР – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш. КРде төмөнкүдөй Ш. айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү Ш. категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.

шаар

 
шаар
шаар курулушу
шаар чалдыбары
шаары бузулуу

шаар

 
зат. Административдик, өнөр жай, соода жана маданий борбору, кыштакка караганда калк көп орношкон ири пункт. Фрунзе шаары. Борбор шаарлар.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саншаар
Көптүк саншаарлар
Синонимдери
шаарча
мегаполист
Антонимдери
кыштак
Байланыштуу сөздөр
борбор
шаардык
шаарлап
Жөндөлүшү - "шаар"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?шаар
Илик Кимдин? Эмненин?шаардын
Барыш Кимге? Эмнеге?шаарга
Табыш Кимди? Эмнени?шаарды
Жатыш Кимде? Эмнеде?шаарда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?шаардан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?шаарлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?шаарлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?шаарларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?шаарларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?шаарларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?шаарлардан

Найти все переводы слова "Шаар" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Шаар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru