Menü
Эл-Сөздүк

ЧЕЛЕК

«Алкак ийип арчадан, Түп кынагын челекке» (Калык). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис, көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.
      Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числочелек
Множ. числочелектер
Связанные слова
челекчи
Склонение по падежам - "челек"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?челек
Родительный Чей?челектин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челекке
Винительный Кого?, Что?челекти
Местный Где?, У кого?челекте
Исходный Где?, У кого?челектен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?челектер
Родительный Чьи?челектердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челектерге
Винительный Кого?, Что?челектерди
Местный Где?, У кого?челектерде
Исходный Откуда?, От кого?челектерден

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: