Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - челек
 

ЧЕЛЕК

 
«Алкак ийип арчадан, Түп кынагын челекке» (Калык). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис, көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.
      Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.

челек

 
челек (идиш), челеги, челекке

челек

 
I зат. 1. Суюк нерселерди куюу үчүн ылайыкталып жыгачтан жасалган идиш. Токтогул.. максым ачыткан челек менен кырма чөйчөктү көрө коюп, сүйүнүп кетти (Аалы).
2. диал. Чака. Жамал челекти алып, сууга кетти (Жантөшев).
Бал челек — атайын аарыларды багуу үчүн ылайыкталып, тактайдан жасалган ящик. Бал челектин бир тешиги болгондуктан, аарынын баары ошол жерден чыгып, ошол жерден кирет (Таштемиров). Сыя челек к. сыя. Башы челек болуу — 1) аябай уруудан башы-көзү шишип кетүү. Башы челек кан болду, Бүткөн бойдун баарысы Кыймылдагыс дал болду («Манас»); 2) өт. башы иштебей дал болуп калуу, башы дүңгүрөгөнсүп, ачык даана ой жүргүзө албай калуу.
ЧЕЛЕК II: алек-челек — чакчелекей, будуң-чаң. Жумушчулар жүктөп, автомашиналар ташып, алек-челек болду да калды. («Чалкан»),
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числочелек
Множ. числочелектер
Связанные слова
челекчи
Склонение по падежам - "челек"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?челек
Родительный Чей?челектин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челекке
Винительный Кого?, Что?челекти
Местный Где?, У кого?челекте
Исходный Где?, У кого?челектен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?челектер
Родительный Чьи?челектердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челектерге
Винительный Кого?, Что?челектерди
Местный Где?, У кого?челектерде
Исходный Откуда?, От кого?челектерден

Найти все переводы слова "челек" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "челек"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru