Меню
Эл-Сөздүк

эмбарго

ср. нескл.
эмбарго (1. бир мамлекеттен экинчи бир мамлекетке чет мамлекеттик товарларды, баалуу нерселерди ташып чыгуу же ташып кирүүгө тыюу салуу; 2. чет мамлекеттин мүлкүн кармап алуу, көбүнчө - башка бир өлкөнүн кемелерин портко кирүүгө же башка өлкөлөрдүн кемелеринин өз портторунан чыгуусуна тыюу салуу);
наложить эмбарго эмбарго салуу, тыюу салуу.

Эмбарго

ЭМБАРГО (ТЫЮУ) (исп. embargo – тыюу салуу) – эларалык мамилелерди ишке ашырылып келе жаткан бир мамлекет же мамлекеттер тобу тарабынан башка бир мамлекетке карата, аны өз милдеттенмелерин аткарууга, эларалык укуктун негизги принциптерине жана жалпыга таанымал ченемдерине каршы келген саясатынан баш тартууга мажбурлоо үчүн колдонулуучу чара. Согуш же тынчтык мезгилинде ал өлкө менен байланыштарды (эреже катары, тышкы экономикалык) толук же жарым-жартылай токтотууну, же болбосо айрым товарларды ошол өлкөгө экспорттоого тыюу салууну же ошол өлкөдөн айрым товарларды импорттоого тыюу салууну билдирет. Мамлекеттин өзүнүн суубекеттеринен жана аймактык сууларынан чет мамлекеттин кемелеринин чыгып кетүүсүнө тыюу салуусу да Э. деп аталат. Согуш жарыялаганда, же болбосо репрессалий катарында ж. б. айрым учурларда колдонулат.



Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

KG


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: