Меню
Эл-Сөздүк

сор-

сосать, высасывать; всасывать; перен. поглощать;
чегирткенин алын көр да, канын сор погов. посмотри на (состояние) кузнечика, потом кровь его соси; что барыша обидеть голыша?
кээ күнү эчтеме жок, тиштеринин кирин соруп, тамактан таш жалак калышат иной день ничего нет, они посасывают зубы свои, остаются совсем без пищи;
кичинекей канжасын соруп-соруп койду он несколько раз затянулся из своей маленькой трубки;
тамекини чоң соруп алып сделав большую затяжку табаком (дымом табачным);
кудай каргап, арбак соруп, ак нан урсун! клятва да проклянёт бог, да поглотят духи предков, да накажет белый хлеб!;
ажал жетип, күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер? фольк. когда пробьёт смертный час и кончится жизнь, кого не поглотит чёрная земля?

сор

этиш. 1. Тил менен эриндердин аракети аркылуу ичти карай катуу кысып оп тартуу, эмүү, шимүү. Бала упчусун чоп-чоп соруп, мемиреп уктап да калды (Сасыкбаев). Ийип турат ак эмчек, Балкылдатып сор, балам! (Токобаев). Папиросун кайра-кайра соруп, колунан түшүрбөйт («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Жутуу, ичүү. Чегирткенин алын көр да, канын сор (макал). Чиркейи да чагат, Көгөнү да кан сорот (Аалы).
  2. 3.                  Суюктукту (мис., сууну) сиңирип алуу, боюна тартуу. Топурак сууну тез соруп алат. Сыя соро турган соргуч кагаз.

Канын соруу — аябай эзүү, запкы көрсөтүп, ырайымсыздык кылуу. Эшен, калпа, бай-манап Элдин канын соргонун (Токтогул). Тиштин кирин соруу к. кир I.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: