Меню
Эл-Сөздүк

АЙТЫШ

АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.
С. Төлөгөнова

айтыш

I зат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШ II этиш. 1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санайтыш
Көптүк санайтыштар
Жөндөлүшү - "айтыш"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?айтыш
Илик Кимдин? Эмненин?айтыштын
Барыш Кимге? Эмнеге?айтышка
Табыш Кимди? Эмнени?айтышты
Жатыш Кимде? Эмнеде?айтышта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?айтыштан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?айтыштар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?айтыштардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?айтыштарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?айтыштарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?айтыштарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?айтыштардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: