Меню
Эл-Сөздүк

ухо

ср.
кулак;
наружное ухо кулактын сырты;
среднее ухо кулактын ортосу;
говорить на ухо кулакка шыбырап айтуу;
воспаление уха мед. кулак сезгенүү;
звенит в ушах кулак зыңылдап турат;
отодрать за уши кулактан чоюу;
заткнуть уши кулакка бир деме тыгуу (мис. кебез);
слушать во все уши разг. ынта коюп, көңүл коюп угуу;
в одно ухо вошло, в другое вышло погов. бир кулагынан кирип, бир кулагынан чыгып кетти;
слышать краем уха кулак чалып калуу; чала-чарпыт угуу;
пропустить мимо ушей кулактын сыртынан кетирүү;
и ухом не вести разг. кулак салбоо, капарына да алып койбоо, эч кандай көңүл бурбоо;
протрубить (прожужжать) все уши кулактын кужурун алуу;
держать ухо востро разг. сак болуу, кулак түрүү;
навострить (насторожить) уши разг. кулак түрүү;
улыбнуться до ушей оозу кулагына жеткиче жылмайып күлүү, абдан ыржайып күлүү;
покраснеть до ушей кулагына чейин кызаруу;
тугой на ухо разг. кулагы катуу, кулагы катуурак;
по уши аябай, абдан, өтө, эң;
по уши влюбиться абдан сүйүп калуу;
по уши в долгах карызы чачынан көп;
уши вянут разг. кулак уялат, адам уккус (болбогон сөз);
развесить уши кызыгып жана ишенип кулак салып туруу;
у стен есть уши тамдын кулагы бар;
не верить своим ушам таң калардык, укмуштуу бир нерсени угуп, ага ишене албоо;
дать в ухо или дать по уху прост. кулак түпкө коюу, кулактан ары бир коюу.

Ухо

(анат.) кулак; омурткалуу айбандардын угуу сезим билдирүүчү жана боюн түз алдырып жүрүүчү органдарынын системасы.
Перевести через онлайн Переводчик

Мындан бөлөк Русском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: