Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

кишка

ж.
1. анат. ичеги;
прямая кишка көтөн чучук;
толстая кишка жоон ичеги;
двенадцатипёрстная кишка он эки эли ичеги (ичке ичеги);
тонкие кишки ичке ичегилер;
2. (шланг) тутүк (ичинен суу жүгүртүлүүчү резина же брезент түтүк);
пожарная кишка өрт өчүрүүдө колдонулуучу түтүк;
кишка тонка разг. чамасы канча.

Кишка

(анат.) ичеги; аш, жем, тамак эриткич каналдын, аш болумдуу заттарды сиңирүүдө чоң мааниси бар узун түтүктөй органы. к. двенадцатиперстная — он эки эли ичеги, айланчык, үч таман ичеги, карындан чыккан ичеги; к. задняя — арткы ичеги, ичегарындын арткы тешик менен бүтүүчү акыркы бөлүмү; к.ободочная большая и малая бычья — сары жүрмө, уйдун жоон ичегилери; к.о.б.конская — карын; к.о.б.овечья — көк ичеги; к.о.малая конская — карта; к.о.м.овечья — майчучук; к. первичная — адепки ичеги, түйүлдүктүн алгачкы стадияларында жаралган ичеги; к. подвздошная — кара ичеги, ичке ичегинин жоон ичегиге кошулган жагы; к. придаточная — кошумча ичеги; к. прямая — түз ичеги, арткы чучук, арткы карта (жылкыда), к. слепая — мөөн, (уйда, койдо), туюк карын (жылкыда), ичегарындын арткы бөлүмүнө таандык; к. средняя — орто ичеги; к. толстая — жоон ичеги, ичегарындын арткы бөлүмү; к. тонкая — ичке ичеги, ичегарындын бир бөлүмү, карындан мөөнгө (кепшөөчү айбанда), картага (кишиде жана кепшебөөчү айбанда) чейин жаткан ичеги; к. тощая — кыличеги, айланчык менен кара ичегинин ортосундагы ичке ичеги, кой-эчкинин ушул ичегисинен комуздун кылын жасагандыктан "кыличеги" деп аталган.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: