Меню
Эл-Сөздүк

давность

ж.
1. эчаккылык, байыркылык, эчак болуп өткөндүк, эскилик, капкачанкылык;
давность событий окуялардын эчак болуп өткөндүгү;
дело большой давности капкачанкы иш;
2. юр. эскиргендик;
исковая давность доонун эскиргендиги;
утерять право за давностью эскиргендик үчүн доолоо укугунан ажыроо;
срок давности сроктун (мөөнөттүн) эскиргендиги;
давность преступления кылмыштын изи суугандык (закондуу мөөнөттүн өтүшү менен, кылмыштуу кишини жазадан куткаруучу укук).

Давность

ЭСКИРТКИ – кылмыш-жаза укугундагы белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, кылмыш жасаган жакты кылмыш жоопкерчилигинен кутулта турган мөөнөт. Э. мөөнөт жасалган кылмыштын оордугуна же тартылган жазага жараша болот. Э. мөөнөтү 2 жылдан 15 жылга чейинки мезгилди камтыйт. Кылмыш жасап, өлүм жазасына тартыла турган адамга Э-ни колдонуу маселеси сот тарабынан чечилет. Эгер сот ага карата Э-ни колдонууну туура тапса, өлүм жазасына тартылбастан, эркинен ажыратуу чарасы чектелет. КР мыйзамдарында атайын каралгандай шартта, тынчтык менен адамзаттын коопсуздугуна каршы келе тургандай кылмыш жасалган учурда, Э. колдонулбайт (кара: Эскирүү мөөнөтүн колдонбоо ).
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: давность

Русский Кыргызский
Исковая давность Доонун эскириши
Исковая давность определяется по праву страны, введенной для регулирования соответствующего отношения. Доонун эскириши тиешелүү мамилени жөнгө салуу үчүн колдонулуучу өлкөнүн укугу боюнча аныкталат.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: