Меню
Эл-Сөздүк

Обстоятельства, отягчающие наказание

Жазаны катуулата (оорлото) турган жагдайлар

Обстоятельства, отягчающие наказание

ЖАЗАНЫ КАТУУЛАТА (ООРЛОТО) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы кылмыш жосуну да, кылмышкердин жеке кертбашы да коомчулукка коркунучтуу экендигин күбөлөндүрө турган жагдай. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышты бирнече ирет жасоо, кылмыш жасоону кесипке айлантуу өнөкөтү; б) топ ичинде, алдынала макулдашып алган топ менен, уюшулган топ же кылмыш шериктештиги (кылмышкерлер уюму) менен кошо кылмыш жасоо; в) кыянаттыктан же ыпластыктан улам кылмыш жасоо; г) өзүнүн кызмат же коомдук милдетин аткарып жаткан жактарга же алардын жакындарына каршы жасалган кылмыш; д) кылмыш жосуну аркылуу оор кесепеттерге алып келүү; е) эрезеге жетелек балдарга, кары-картаңдарга же жарымжан абалдагы адамдарга карата жасалган кылмыш; ж) күнөөкөргө кошбойлуу экендиги алдынала белгилүү болгон аялдарга карата жасалган кылмыш; з) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же дагы башка жагынан көзкаранды болгон жактарга карата жасалган кылмыш; и) эрезеге жетелек балдарды же күнөөкөргө психикалык оорусу же кемакылдыгы мурдатан белгилүү болгон жактарды пайдалануу аркылуу жасалган кылмыш; к) өтө ашынган мыкаачылык же келекелөө менен жасалган кылмыш; л) жалпы кырсык, жалпы башаламандык, өзгөчө кырдаал шартынан пайдаланып жасалган кылмыш; м) жалпы коркунуч келтирген ыкма менен жасалган кылмыш; н) курал-жарак, ок-дары, жарылгыч заттарды, жардыруучу жана анын тууранды жабдууларын, атайын даярдалган техникалык жабдууларды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дары-дармек ж. б. химиялык-фармакологиялык дарыларды, ошондой эле күч жана психологиялык мажбурлоолорду колдонуу аркылуу жасалган кылмыш; о) башка кылмыштарды жашыруу же анын жасалуусун жеңилдетүү максатында жасалган кылмыш; п) адамдын денсоолугу менен өмүрүнө коркунуч келтирүү менен, бирөөлөрдүн эмгек күчүн бекер пайдалануу максатында жасалган кылмыш.

Обстоятельства, отягчающие наказание

жазаны оорлотуучу жагдайлар
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Обстоятельства, отягчающие наказание

Русский Кыргызский
Такие обстоятельства включают, в частности: Мындай кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет:
План закупок должен содержать обстоятельства, при которых могут быть использованы такие методы. Сатып алуу планында мындай ыкмалар кандай жагдайда колдонулушу мүмкүн экени көрсөтүлөт.
План закупок должен содержать обстоятельства, при которых могут быть использованы такие методы: Сатып алуу планында мындай ыкмалар кандай жагдайда колдонулушу мүмкүн экени көрсөтүлөт:
Подписи не должны повторять точную формулировку заголовка или поднимать наказание прямо из истории. Сүрөт тексттеринде кабар аталышындагы сөздөр же кабардагы сүйлөмдөр кайталанбоого тийиш.
Служащему запрещается быть повышен в течение периода, за который налагается дисциплинарное наказание. Мамлекеттик кызматчы ага тартип жазасы салынган мезгил ичинде кызматынан жогорулатылышы мүмкүн эмес.
Для каждого нарушение трудовой дисциплины может быть только одно дисциплинарное наказание накладывается. Эмгек тартибин ар бир жолку бузгандыгы үчүн бир гана тартип жазасы салынышы мүмкүн.
Страховщик может рассмотреть причины, обстоятельства и последствия непредвиденных до уплаты контрибуции. Камсыздандыруу акысы төлөнгөнгө чейин камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун кырдаалын жана натыйжасынын себептерин текшерүүгө укуктуу.
Доказательства могут включать в себя только факт и обстоятельства, которые существовали до возникновения права. Укук келип чыкканга чейин орун алган фактылар жана жагдайлар гана далил катары келтирилиши мүмкүн.
Этот срок может быть продлен, если Омбудсмен (Акыйкатчы) полагает, что есть обстоятельства, которые делают его разумным. Эгерде, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ою боюнча, негиздүү кыла турган жагдайлар пайда болсо, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
Страховщик не вправе требовать признания недействительным договора, если больше не возникают обстоятельства прикрыты застрахованы. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандырылуучу айтпай койгон жагдайлар керексиз болуп калса, келишимди анык эмес деп таанууну талап кыла албайт.
И содержание частности, не universal.Religions везде человеческие создания, которые откликнулись на обстоятельства и потребности отдельных народов. Кайда гана болбосун, диндер белгилүү элдин шарттарына жана муктаждыктарына жооп кайтарган адамдар.Алар адамзат тажрыйбасын жалпылаштырганга аракет кылышкан күндө дагы, өзүлөрү тейлеген коомчулуктун өзгөчө шыктарына жооп кайтарышкан.
вступления в законную силу решения суда о запрете деятельности патентного поверенного или другое наказание за исключением этой деятельности; патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, же мындай ишти жүргүзүүгө жол бербеген башка жазага тартылганда;
Этот бой будет вестись не только через наказание, но и путем создания определенных условий, так что лицензированные продукты могут занять свое место на нашем рынке. Анын үстүнө бул күрөш жазалоо чаралары менен гана коштолбостон, лицензияланган продуктулардын биздин базарда татыктуу орун ээлөөсү үчүн белгилүү бир шарттарды түзүү менен жүргүзүлмөкчү.
Любое решение субъекта закупающей соответствии с настоящей статьей, основания и обстоятельства, следовательно, должны быть сделаны часть отчет о процедурах закупок. Ушул беренеге ылайык сатып алуучу уюм тарабынан кабыл алынган жана аны кабыл алуунун негиздерин камтыган ар кандай чечим сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна тиркелет.
Страховщик не вправе требовать изменения условий или расторжения договора страхования, если больше не возникают обстоятельства, влекущие увеличение непредвиденных. Эгерде камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайлар болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шартын өзгөртүүнү же аны бузууну талап кылууга укуксуз.
Палата Совет вправе наложить наказание члену палаты установленном Уставом за нарушение своих обязанностей, предусмотренных статьей Девятнадцать из настоящего Закона. Ушул Мыйзамдын он тогузунчу беренесинде көрсөтүлгөн салык консультантынын милдеттерин бузуу үчүн Палатанын башкармалыгы Палатанын мүчөсүнө жаргыда белгиленген жаза колдонууга укуктуу.
Заявка на выплату возмещения должен приложить копии договоров страхования (страхового полиса) и акт обстоятельства, или показывают даты завершения и количество этих документов. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү жөнүндө арызга камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) жана камсыздандыруу учуру жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелүүгө же арызда бул документтерди түзүүнүн датасы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Ограничения, которые влияют на физическое и моральное неприкосновенность личности, допустимы только на основании закона по решению суда как наказание за совершение преступления. Инсандын денебоюнун, арнамысынын колтийгистигин чектөөгө жасалган кылмыш үчүн мыйзам негизинде жаза катарында сот өкүмү боюнча гана жол берилет.
Омбудсмен (Акыйкатчы) имеет право отказаться от рассмотрения ходатайства или жалобы в отношении которых Омбудсмен (Акыйкатчы) уже принял решение раньше, если не возникнут новые обстоятельства. Эгерде жаңы жагдайлар пайда болбосо, Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү мурда чечим кабыл алган маселе боюнча жазылган арызды же даттанууну карабай коюуга укуктуу.
больше не может продолжать отказываться от пользования защитой страны своей гражданской принадлежности, поскольку обстоятельства, в связи с которой он был признан беженцем, перестали существовать эгерде өзүнүн жарандыгы таандык болгон өлкөнүн коргоосунан мындан ары баш тарта албаса, анткени анын качкын деп таанылышына башка жагдайлар болбосо качкын статусун жоготот

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: