мантия ж.мантия (1. жеңсиз, көлбүрөгөн кең кийимдин бир түрү; 2. зоол. моллюсклардын денесин каптап турган кат-кат тери; бул раковинаны иштеп чыгарат).
Мантия (анат.) мантия; кээ бир омурткасыз жандыктардын, мисалы, моллюскалардын терисинин бүгүшү, кабатталышы мунун чыгарган затынан сырткы скелети (кабыгы) жаралат.
Мантия МАНТИЯ (гр. mantion – жапкыч, чепкен) – этеги узун чепкен; монархтардын, чиркөө кызматкерлеринин, кээбир өлкөлөрдөгү соттордун, жактоочулардын, коомдор менен академиялардын окумуштууларынын мүчөлөрүнүн сый кийими. КРде соттор кийет.