-
учкун
-
зат. 1. Күйүүдөн же абдан ысып кызуудан пайда болгон кыпын, оттун чачыраган майда кыпындары. Анда-санда алоолоп жанган куурайдын учкундары түндүктөн көрүнөт (Жантөшев). Кызыл учкун [чарыктан] шыр-шыр этип чачырады (Сасыкбаев).
2. Кандайдыр бир нерсенин жылтылдаган майда бөлүкчөсү. [Алексей Александрович] кумду алаканына салып, аны күндүн нуруна кармап турду эле, жылт-жулт эткен майда учкундар даана көрүндү (Таштемиров).
3. Эгинди сапырганда туш-тарапка чачыраган майда-барат ыпыр-сыпырлары. [Кырмандын] ары жагында учкуну менен аралашып азыраак буудай жатат (Жантөшев).
4. өт. Кандайдыр бир сезимдин, жөндөмдүүлүктүн ж. б. сезиле түшкөн элеси. Анын [Гүлайдын] көзүнөн сүйүүнүн аябай чатырап жанган отунун учкундары көрүнгөнсүдү (Абдукаримов). Килбаштын кайраттуу көзүнөн кубанычтын учкундары көрүндү (Абдукаримов).
♦Учкун алдында — эң мурда, а дегенде, биринчи болуп. Учкун алдында келүү. УЧКУР учкул менен бирдей.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | учкун |
Көптүк сан | учкундар |
Жөндөлүшү - "учкун"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | учкун |
Илик Кимдин? Эмненин? | учкундун |
Барыш Кимге? Эмнеге? | учкунга |
Табыш Кимди? Эмнени? | учкунду |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | учкунда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | учкундан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | учкундар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | учкундардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | учкундарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | учкундарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | учкундарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | учкундардан |
Котормолордун мисалдары: учкун
Кыргызча
Орусча
учкун
искра (LE);
Котормолордун мисалдары: учкун
Кыргызча
Англисче
учкун
spark(le);
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
учкун