Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

челек

челек I
ир.
1. деревянное ведро; бочка (ср. чака II, бакыр II 2);
арча челек южн. лукошко из арчи, скреплённое (прошитое) тонкими прутьями из арчи;
сыя челек чернильница;
кашкарча челек или кашкар челек чуйск. чайник;
2. южн. металлическое ведро;
жем челек южн. ведро, в котором скоту дают пойло;
3. (точнее бал челек) улей;
челек асыра- или челек бак- водить пчёл;
аары бакса, бал берет, тургузуп койсо челекти стих. пчёл водить - они дадут мёд, если поставить ульи;
4. ступица (колеса);
5. южн. серебряная монета;
жап челек бедняк;
ток челек богач;
ичи челектей толстопузый;
башым кызыл челек кан болгон голова моя была вся окровавлена;
башын көк челек кылып салыптыр он ему голову в кровь разбил;
башы челек кан болуп голова у него окровавлена;
жапма челек см. жапма.
челек II
алек-челек см. алек II.

ЧЕЛЕК

«Алкак ийип арчадан, Түп кынагын челекке» (Калык). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис, көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.
      Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.

челек

I зат. 1. Суюк нерселерди куюу үчүн ылайыкталып жыгачтан жасалган идиш. Токтогул.. максым ачыткан челек менен кырма чөйчөктү көрө коюп, сүйүнүп кетти (Аалы).
2. диал. Чака. Жамал челекти алып, сууга кетти (Жантөшев).
Бал челек — атайын аарыларды багуу үчүн ылайыкталып, тактайдан жасалган ящик. Бал челектин бир тешиги болгондуктан, аарынын баары ошол жерден чыгып, ошол жерден кирет (Таштемиров). Сыя челек к. сыя. Башы челек болуу — 1) аябай уруудан башы-көзү шишип кетүү. Башы челек кан болду, Бүткөн бойдун баарысы Кыймылдагыс дал болду («Манас»); 2) өт. башы иштебей дал болуп калуу, башы дүңгүрөгөнсүп, ачык даана ой жүргүзө албай калуу.
ЧЕЛЕК II: алек-челек — чакчелекей, будуң-чаң. Жумушчулар жүктөп, автомашиналар ташып, алек-челек болду да калды. («Чалкан»),
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числочелек
Множ. числочелектер
Связанные слова
челекчи
Склонение по падежам - "челек"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?челек
Родительный Чей?челектин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челекке
Винительный Кого?, Что?челекти
Местный Где?, У кого?челекте
Исходный Где?, У кого?челектен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?челектер
Родительный Чьи?челектердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?челектерге
Винительный Кого?, Что?челектерди
Местный Где?, У кого?челектерде
Исходный Откуда?, От кого?челектерден

Примеры переводов: челек

Кыргызский Русский
барак челек ведро
дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык чийки заттарды ж.б.; земледелие, сенокошение, выпас, пчеловодство, сбор дикорастущих овощей и фруктов, лекарственных растений, технического сырья и т.д .;
Ысык-Көл дубанындагы 400 чамалуу балчы бал челек салуудагы негизги куруучу материал болгон аары уяларын сатып алууда кыйынчылыктарга туш келет. Около 400 пчеловоды в Иссык-Кульской области сталкиваются с препятствиями при приобретении beecombs основной строительный материал, используемый в строительстве ульев.
Токой фондусунун менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген жактар жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары чөптөрдү жана техникалык чийки затты жыйноо жана даярдоо, дыйканчылык, чөп чабык, мал жаюу, бал челек жайгаштыруу жана башка токой ресурстарын даяр Лесного фонда собственники или лиц, надлежащим образом уполномоченные ими могут арендовать участки лесного фонда для сбора дикорастущих плодов и ягод, лекарственных растений, технического сырья, земледелия, сенокошение, выпас, пчеловодство, и уборочных др
Сиздин продуктта, батарейкада, басма материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн каршы-терши чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электр жана электрондук продукттар, батарейкалар жана аккумуляторлор колдонуу убактысы бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу кере Перечеркнутого мусорного контейнера на изделии, в батарее, литературы или упаковке означает, что все электрические и электронные изделия, батареи и аккумуляторы подлежат отдельной утилизации в конце их срока службы.

Примеры переводов: челек

Кыргызский Английский
барак челек bucket
дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык чийки заттарды ж.б.; land cultivation, hay-making, pasturing, bee-farming, collection of wild vegetables and fruits, medicinal plants, technical raw materials, etc.;
Ысык-Көл дубанындагы 400 чамалуу балчы бал челек салуудагы негизги куруучу материал болгон аары уяларын сатып алууда кыйынчылыктарга туш келет. About 400 beekeepers in Issyk-Kul oblast face obstacles in purchasing beecombs the main building material used in the construction of beehives.
Токой фондусунун менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген жактар жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары чөптөрдү жана техникалык чийки затты жыйноо жана даярдоо, дыйканчылык, чөп чабык, мал жаюу, бал челек жайгаштыруу жана башка токой ресурстарын даяр The Forest Fund owners or persons duly authorized by them may lease Forest Fund plots for collection of wild fruits and berries, medicinal plants, technical raw materials, land cultivation, hay-making, grazing, bee-keeping, and harvesting of other forest
Сиздин продуктта, батарейкада, басма материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн каршы-терши чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электр жана электрондук продукттар, батарейкалар жана аккумуляторлор колдонуу убактысы бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу кере The crossed-out wheeled-bin symbol on your product, battery, literature, or packaging reminds you that all electrical and electronic products, batteries, and accumulators must be taken to separate collection at the end of their working life.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: