Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - челек
 

челек

 
челек I
ир.
1. деревянное ведро; бочка (ср. чака II, бакыр II 2);
арча челек южн. лукошко из арчи, скреплённое (прошитое) тонкими прутьями из арчи;
сыя челек чернильница;
кашкарча челек или кашкар челек чуйск. чайник;
2. южн. металлическое ведро;
жем челек южн. ведро, в котором скоту дают пойло;
3. (точнее бал челек) улей;
челек асыра- или челек бак- водить пчёл;
аары бакса, бал берет, тургузуп койсо челекти стих. пчёл водить - они дадут мёд, если поставить ульи;
4. ступица (колеса);
5. южн. серебряная монета;
жап челек бедняк;
ток челек богач;
ичи челектей толстопузый;
башым кызыл челек кан болгон голова моя была вся окровавлена;
башын көк челек кылып салыптыр он ему голову в кровь разбил;
башы челек кан болуп голова у него окровавлена;
жапма челек см. жапма.
челек II
алек-челек см. алек II.

челек

 
бочка

ЧЕЛЕК

 
«Алкак ийип арчадан, Түп кынагын челекке» (Калык). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис, көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.
      Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.

челек

 
челек (идиш), челеги, челекке

челек

 
I зат. 1. Суюк нерселерди куюу үчүн ылайыкталып жыгачтан жасалган идиш. Токтогул.. максым ачыткан челек менен кырма чөйчөктү көрө коюп, сүйүнүп кетти (Аалы).
2. диал. Чака. Жамал челекти алып, сууга кетти (Жантөшев).
Бал челек — атайын аарыларды багуу үчүн ылайыкталып, тактайдан жасалган ящик. Бал челектин бир тешиги болгондуктан, аарынын баары ошол жерден чыгып, ошол жерден кирет (Таштемиров). Сыя челек к. сыя. Башы челек болуу — 1) аябай уруудан башы-көзү шишип кетүү. Башы челек кан болду, Бүткөн бойдун баарысы Кыймылдагыс дал болду («Манас»); 2) өт. башы иштебей дал болуп калуу, башы дүңгүрөгөнсүп, ачык даана ой жүргүзө албай калуу.
ЧЕЛЕК II: алек-челек — чакчелекей, будуң-чаң. Жумушчулар жүктөп, автомашиналар ташып, алек-челек болду да калды. («Чалкан»),
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчелек
Көптүк санчелектер
Синонимдери
чанач
чака
идиш
бочка
Байланыштуу сөздөр
челекчи
Жөндөлүшү - "челек"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?челек
Илик Кимдин? Эмненин?челектин
Барыш Кимге? Эмнеге?челекке
Табыш Кимди? Эмнени?челекти
Жатыш Кимде? Эмнеде?челекте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?челектен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?челектер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?челектердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?челектерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?челектерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?челектерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?челектерден


Хотите добавить свой перевод для слово: "челек"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru