Меню
Эл-Сөздүк

чалкала

этиш. 1. Көкүрөгүн кере артын көздөй ийилүү, чалка жагына кериле кайкалоо. Жумшак ордунда чалкалай отурган академик Аскарга кадимкидей көрүнөт (Сыдыкбеков). Лом көтөрүп чалкалап, Ташты кумдай талкалап (Осмонкул).
2. Кайкалай тартып көрүнүү, заңкайып бийик, керилген көрүнүштө болуу. Чалкалап зор Тянь-Шань асман мелжип, Мал жайнап жайлоодогу төр керилди (Үмөталиев). Чалкалаган кара тоо, Чатыраган көркүңөн (Тоголок Молдо).
3. өт. Чиренүү, бой көтөрүү, менменсинүү, көтөрүлүү. Чалкалап бекер жатпа, Жайсыз жерден конбогун Шашма деген атка (Шүкүрбеков). Кедей барсаарыз айтып, Көргүсү келбей чалкалайт (Барпы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: