Меню
Эл-Сөздүк

жолдош

зат. 1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Жанаша жүрсө жаркылдап, Жан жолдошум кырк жигит («Курманбек»). Чоло жок сыр айтышар, кайгы жазар, Жолдошум жанымдагы шордуу Назар (Барпы).
  1. 2.           Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, татуу, ынак адамдар. Жамандыкты жолотпойт Ак тилектүү жолдошум (Осмонкул). «Сыр алышкан жолдошторду дагы көрөр бекенмин?» деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев).
  2. 3.           Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). Жаракөр жан жолдошум Келсе экен деп тилеймин (Маликов).

¨ Жолдош-жоро — бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар тең туштар. Газеталарды жолдош-жоролоруна окуп берет (Бөкөнбаев). Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты (Баялинов). Күйөө жолдош — күйөөлөп барган жигиттин жолдошу. Үзөңгү жолдош — бирге жол жүргөн, иште, кызматта бирге болушкан, бирге эмгектенишкен жолдоштор.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжолдош
Көптүк санжолдоштор
Антонимдери
кас
Байланыштуу сөздөр
багыттоо
жолдоо
Жөндөлүшү - "жолдош"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жолдош
Илик Кимдин? Эмненин?жолдоштун
Барыш Кимге? Эмнеге?жолдошко
Табыш Кимди? Эмнени?жолдошту
Жатыш Кимде? Эмнеде?жолдошто
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жолдоштон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жолдоштор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жолдоштордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жолдошторго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жолдошторду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жолдоштордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жолдоштордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: