ЖОЛДОШЕВ |
1925-ж. Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1925-жылдан Каракол-Нарын округунда эл агартуу бөлүмүн жетектеген. 1927-ж. Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз секциясына жооптуу секретарь болгон. 1927 — 28-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын Академиялык борборунда төрагасы, 1929—31-ж. Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө, жооптуу секретарь, 1931 — 32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрагасы, 1933—35-ж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары болгон. Ж-дын редакторлугу менен Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөнү», Тыныбек Жапый уулу айткан «Семетейден» үзүндү басылып чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын жазылып калышына камкордук кылган инсандардын бири. |
Найти все переводы слова "ЖОЛДОШЕВ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖОЛДОШЕВ"?
Ввойти