Найдены по другим направлениям
-
этек
-
зат. 1. Кийимдин, үзүктүн ж. б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү. Этекти кессең жең болбойт, Эзелки душман эл болбойт (макал). Аттаганда тонумдун этеги бутумун учуна оролуп калды (Элебаев).
2. Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж. б, эңкейиштеп, жантайып түгөнгөн жери, түгөнүшү. Көк түтүн каптап, чаң ызгып, Көрүнбөй тоонун этеги (Бөкөнбаев). Кыштактын бир учу түндүк тарапка созулуп кетсе, бир учу тоонун этегине чейин барат (Таштемиров).
♦Этегинен жалгоо — балалуу болуу, бала төрөө. Жамила этегинен жалгап, эркек балалуу болду (Сыдыкбеков). Этегин кармоо — бирөөгө жамынуу, таянуу, ишенүү. Башкарманын этегин кармап иш кылдым («Ала-Тоо»). Чалма этек —үй оокатын, кийим-кечесин тың күтө албаган, жүдөө, булганч (аялдарга карата). Алма этекти алам деп, чалма этектен айрылдым (макал). Этегине намаз окуу — бирөөгө кошомат кылуу, жагынуу. Этеги же этек-жеңи жайылуу — иши оңолуу, оокаты, байлыгы кенелип, бейпилчиликте жашоо. Этеги суюк — ойношчул, жүрдөөк. Этек кир — айыз, менструация. Этеги такымына жетпөө, этеги узарбоо же этеги эки болбоо — турмушу оңолбоо, жарыбоо.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | этек |
Көптүк сан | этектер |
Жөндөлүшү - "этек"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | этек |
Илик Кимдин? Эмненин? | этектин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | этекке |
Табыш Кимди? Эмнени? | этекти |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | этекте |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | этектен |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | этектер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | этектердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | этектерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | этектерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | этектерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | этектерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
этек