Menu
Эл-Сөздүк

этек

этек, этеги, этекке
этеги бүтөлүү
этеги жыртылуу
этеги суюк
этеги тизесине жетпөө
этеги эки болбоо
этеги элек, жеңи же лек болуу
этегин ачуу
этегин кармоо
этегине жамынуу
этегине намаз окуу
этегинен жалгоо
этек алдынан
этек-жең
этек-жеңи жайылуу
этек-жеңине жарма шуу
этектен алуу
этек кир

этек

зат. 1. Кийимдин, үзүктүн ж. б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү. Этекти кессең жең болбойт, Эзелки душман эл болбойт (макал). Аттаганда тонумдун этеги бутумун учуна оролуп калды (Элебаев).
2. Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж. б, эңкейиштеп, жантайып түгөнгөн жери, түгөнүшү. Көк түтүн каптап, чаң ызгып, Көрүнбөй тоонун этеги (Бөкөнбаев). Кыштактын бир учу түндүк тарапка созулуп кетсе, бир учу тоонун этегине чейин барат (Таштемиров).
Этегинен жалгоо — балалуу болуу, бала төрөө. Жамила этегинен жалгап, эркек балалуу болду (Сыдыкбеков). Этегин кармоо — бирөөгө жамынуу, таянуу, ишенүү. Башкарманын этегин кармап иш кылдым («Ала-Тоо»). Чалма этек —үй оокатын, кийим-кечесин тың күтө албаган, жүдөө, булганч (аялдарга карата). Алма этекти алам деп, чалма этектен айрылдым (макал). Этегине намаз окуу — бирөөгө кошомат кылуу, жагынуу. Этеги же этек-жеңи жайылуу — иши оңолуу, оокаты, байлыгы кенелип, бейпилчиликте жашоо. Этеги суюк — ойношчул, жүрдөөк. Этек кир — айыз, менструация. Этеги такымына жетпөө, этеги узарбоо же этеги эки болбоо — турмушу оңолбоо, жарыбоо.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоэтек
Множ. числоэтектер
Связанные слова
этекте
жака
жең
Склонение по падежам - "этек"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?этек
Родительный Чей?этектин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?этекке
Винительный Кого?, Что?этекти
Местный Где?, У кого?этекте
Исходный Где?, У кого?этектен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?этектер
Родительный Чьи?этектердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?этектерге
Винительный Кого?, Что?этектерди
Местный Где?, У кого?этектерде
Исходный Откуда?, От кого?этектерден

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: