-
ТЕБЕТЕЙ
-
«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө сырт жагына кайрылат.
Кыздардын кызыл манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылат да, шуру, бермет тизилип, ал асыл заттар менен кооздолот. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ чачыктан «чок» тагылат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | тебетей |
Көптүк сан | тебетейлер |
Синонимдери |
---|
тумак |
Жөндөлүшү - "тебетей"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | тебетей |
Илик Кимдин? Эмненин? | тебетейдин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | тебетейге |
Табыш Кимди? Эмнени? | тебетейди |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | тебетейде |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | тебетейден |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | тебетейлер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | тебетейлердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | тебетейлерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | тебетейлерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | тебетейлерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | тебетейлерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
тебетей