-
сөөк
-
зат. 1. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин* бөлүктөрун түзүүчү катуу зат. Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү. - 2. Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү.
- 3. Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»).
- 4. Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Аалы). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашырда катышты (Сасыкбаев).
- 5. Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу.
♦ Сөөгү агаруу — 1) семирүү, эттенүү; эс алуу, тыныгуу. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар («Семетей»).. Атыңды жайлоого чыгарып, сөөгүн агартып ал; 2) ыраазы болуу. Сөөгүм силерден агарды. Сөөктөн өтүү; сөөккө батуу — жанга батуу, көкөйгө тийүү, көңүлү калуу. Сай-сөөгүсыздоо — кейүү, кейиште калуу, күйүнүү. Сөөк өчтүү — эскиден бери кас, жылдызы каршы, өчү бар. Ак сөөк — аристократ, теги, ата-бабасы «жогорку» таптан болгон, жөнөкөй, карапайым элден аристократтыгы жагынан өзгөчөлөнгөн. Ыргыткан сөөк: башына тийбеген — түгү жок, жакырланган, каңгырап бош калган, сандалган, арып-ачкан. Сөөгүн сөпөт кылуу к. сөпөт. Сөөгүнө сиңүү — адат, өнөкөт болуп калуу. Омор байыртан сөөгүнө сиңген адаттарын таштай элек (Сыдыкбеков).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | сөөк |
Множ. число | сөөктөр |
Склонение по падежам - "сөөк"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сөөк |
Родительный Чей? | сөөктүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сөөккө |
Винительный Кого?, Что? | сөөктү |
Местный Где?, У кого? | сөөктө |
Исходный Где?, У кого? | сөөктөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сөөктөр |
Родительный Чьи? | сөөктөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сөөктөргө |
Винительный Кого?, Что? | сөөктөрдү |
Местный Где?, У кого? | сөөктөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | сөөктөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сөөк