Меню
Эл-Сөздүк

саба

саба (кымыз идиши)

саба-

саба-
сабап-уруп

саба

I зат. Көбүнчө төөнүн, бодо малдын терисинен ыштап жасалган кымыз ачытылуучу идиш. Жалгыз бээнин сүтү сабага жук болмок беле (Абдукаримов). Сүттү сабага куяры менен алмак-салмак бышышты (Аалы).
САБА I этиш. 1. Уруу, согуу, камчыга алуу, токмоктоо. Кудаке шайтан аябай Камчылап сабап урду дейт («Олжобай менен Кишимжан»). Катылышкан адамды Элемандын Төштүгү Карсылдатып сабады («Эр Төштүк»).
2. Жүндү сабоо менен чапкылап, үлпүлдөгөн абалга келтирүү. Жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, Сен элең го бир кезекте эзилген! (Турусбеков). Жасады чыбык кыркып элүү сабоо, Жүн сабап, кийиз жасар күз келгендей (Үмөталиев).
Жанын сабоо — белгилүү бир максат үчүн аябай аракет кылуу, кара жанын карч уруу. Жер сабоо — абдан ачуулануу, жаалдануу, ачуусу келүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: