саба |
|
саба- |
сабап-уруп |
саба |
САБА I этиш. 1. Уруу, согуу, камчыга алуу, токмоктоо. Кудаке шайтан аябай Камчылап сабап урду дейт («Олжобай менен Кишимжан»). Катылышкан адамды Элемандын Төштүгү Карсылдатып сабады («Эр Төштүк»). 2. Жүндү сабоо менен чапкылап, үлпүлдөгөн абалга келтирүү. Жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, Сен элең го бир кезекте эзилген! (Турусбеков). Жасады чыбык кыркып элүү сабоо, Жүн сабап, кийиз жасар күз келгендей (Үмөталиев). ♦ Жанын сабоо — белгилүү бир максат үчүн аябай аракет кылуу, кара жанын карч уруу. Жер сабоо — абдан ачуулануу, жаалдануу, ачуусу келүү. |
Найти все переводы слова "саба" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "саба"?
Ввойти