Меню
Эл-Сөздүк

кыжы

: кыжы-кыжы же кыжы-кужу зат.. 1. Көп киши чогулуп жалпы сүйлөшкөндө чыгуучу ачык эмес, кужулдаган дабыш, үн. Ар ким өздөрүнчө түркүм сөздөрүн айтышып кыжы-кужу (Жантөшев). Сахнадагы чоочун турмуш, кыжы-кужу.. чындап эле [Сапар менен Шариптин] баштарын оорутчудай кейиптенди (Бейшеналиев).
2. Чыр-чатак сөздөр, нааразылык, кермур айтыш. Баягы Садык барындагы эл арасында болуучу кыжы-кужу жоюлуп, бир беткей болуп мамырап калбадыбы (Байтемиров).
Кыжы-кыйма — өтө көп, толгон, быкылдаган, жык-жыйма. Нарядга даярданган шахтёрлор эшикте да, үйдө да кыжы-кыйма (Сасыкбаев). Кичинекей станция кыжы-кыйма болуп, опур-топур элге толду (Сасыкбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: