|
кыжылда
|
|
этиш. 1. Ачып кетүү, быкылдап ачып кетүү (мис., вино, бозо). [Кымыздын] жыты буруксуп, чаначтын ичинде кыжылдап кайнайт го? (Байтемиров).
- 2. Быкылдоо, өтө көп болуу. Чоң посёлканын.. ортосундагы.. кыжылдаган эл кумурскадай жайнайт (Сыдыкбеков). Кыя тарткан жол менен, Кыжылдаган кол менен («Манас»).
- 3. Түшүнүксүз башка тилде сүйлөө. Кырк миң солдат, мен жалгыз, Кыжылдайт, тилин билбедим (Токтогул).
- 4. Кыжы-кужу болуу, айтышуу, тартышуу, чырдашуу; дайынсыз көп сүйлөө. Кыжылдаган үндөрү адамдын кыжырына тиет (Бектенов).
|