Меню
Эл-Сөздүк

Юридикалык жоопкерчилик

ЮРИДИКАЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК – укук бузган учурда, субъектинин анын жагымсыз кесепетине чыдоонун укук ченемдеринде каралган милдети. Социалдык жоопкерчиликтин бир түрү. Ю. ж. принциптери: а) ойлогондугу үчүн эмес, укук бузуу жүрүм-туруму үчүн гана жоопкерчилик; б) күнөөсү болгон учурдагы гана жоопкерчилик; в) мыйзамдуулук; г) адилеттүүлүк; д) максаттуулук; е) жазасыз калбоо. Мындай жоопкерчиликти бекемдей турган юридикалык ченемдердин тармактык тийиштүүлүгүнө жараша, ал төмөнкүдөй бөлүнөт: кылмыш-жаза, административдик, жарандык, тартипке чакыруу жоопкерчилиги.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: