Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эң ыңгайлуу режим

ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ РЕЖИМ (англ. the largest favour ) – аркыл мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун маанилүү принциптеринин (эң ыңгайлуу режим принциби) бирине негизделген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен аныкталган эреже. Бул принципке ылайык макулдашып жаткан арбир мамлекет башка мамлекетке, анын жарандарына жана юридикалык жактарына өздөрүнүн тигил же бул мамилелеринде ал келечегинде каалаган үчүнчү бир мамлекетке, анын жарандарына жана юридикалык жактарына бергендей, же берүүчү артыкчылыктарды, ыңгайлуулуктарды жана жеңилдиктерди берүүгө милдеттенет. Бажы режими (алымдар, салыктар жана жыйымдар, товарларды бажыда көрсөтүп чыгарууда колдонулуучу эрежелер жана жолжоболор) бул принципти пайдалануунун маанилүү тармагы болуп саналат. Ошентип, Э. ы. р. т. кызматташуунун айрым өлкөлөр үчүн киргизилиши мүмкүн болгон өзгөчө шарттарынан айырмалуу (чектөөчү же тескерисинче преференциялдык) кадимкидей, басынтпаган шарттарды билдирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: