Меню
Эл-Сөздүк

КАЛЫП

(куйма калып) — металл буюмдарынын үлгүсү, кеп. Ар бир устанын өзүнчө куйма калыбы болот. Элдик зергерчиликте, бул — буюм-тайымдарды көркөмдөөнүн өзүнчө бир ыкмасы. Ал — эритилген затты (күмүштү, колону, мисти, жезди) куюучу жатак. «Чоко» (Чоко топурак — бозомук, кызыл минералдык зат. Тоң районунун Кажы-Сай аймагында «Чопо-Булак» деген жерге усталар атайын барышып, казып алышкан) деп аталган чопо сымал топуракты күл майдалап, анан торко электен өткөрөт. Ага жүндү, тыбытты жана кылтакты кошуп, аябай ийлейт. Ийлөөсү жеткенде чөйчөкчө кылып кургатат. Ал идишке зергерлер жердикти эритишип, ага каалагандай оюм-чийимди түшүрүп алышкан.
      Эми эритиндини калыпка куюу үчүн эритинди затты эритүүчү чөйчөкчөсүнө салып, тапка кармаганда ал бат эле көлкүлдөй түшөт. Ошол көк жашыл түс чыккан күмүштүн, жездин үстүнө ак данакерди себет. Эритинди бир аздан кийин кара күрөң түскө айланат. Мында бөлүнүп чыккан ыпыласы үстүнө калкыйт. Эритиндинин температурасы өзгөрүлө электе калыпка тез куюу зарыл. Антпесе, калыптын ичине аба боштугу пайда болсо, чуңкурчалар чыгып, куюлуучу көркөмдүк сыйда түшпөйт. Ошондо эритиндинин үстүндөгү ыплас калдык чөйчөктүн бетине жабышып калат.

калып

калып, калыбы, калыппы
калыпка түшүрүү (иск.)
калып машинасы

калып

зат.1. Жасалуучу, куюлуучу нерсенин үлгүсү, кеби. [Аскар].. ылайды күрөктөп сузуп, калыпка карай ашыгат (Сыдыкбеков). [Назаров].. күрөк алып, калыпка топурак ыргытты (Убукеев).
2. Белгилүү бир абал. [Эрке кыз].. жылмайган калыбын жазбай, кеп салды (Байтемиров). Көчөдөгү көрүнүш күндөгү калыбында (Жантөшев).
¨ Калып алуу 1) көнүп калуу, үйрөнүп калуу, адатка айлануу. Жедеп ага
калып алып калганбы, Күмүш жанатадан бери бир канча ирет эки жагын кылчактап карады (Байтемиров); 2) кеп алуу, орунтуктуу. Калыбына келүү — мурунку абалына, мурунку ордуна келүү, баштагысындай, мурункусундай болуу. Аз күндө айыгып бул жарат, Калыбыма келермин («Эр Табылды»). Байланыш калыбына келтирилди (Бөкөнбаев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокалып
Множ. числокалыптар
Склонение по падежам - "калып"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?калып
Родительный Чей?калыптын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?калыпка
Винительный Кого?, Что?калыпты
Местный Где?, У кого?калыпта
Исходный Где?, У кого?калыптан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?калыптар
Родительный Чьи?калыптардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?калыптарга
Винительный Кого?, Что?калыптарды
Местный Где?, У кого?калыптарда
Исходный Откуда?, От кого?калыптардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: