Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БӨГӨЛ

БӨГӨЛ — кырк чоронун бири. Ысымы дайыма Кайгыл, Тоорулчу чоролор менен бирге айтылат. «Кайгуул», «Тоорул» деген аскердик терминдер «кароол», «чалгын» деген мааниге ээ синоним сөздөр, Б-дүн мааниси да аларга жакын «бөгөө», «тосуу» дегенди билдирет. Демек, бул үч чоронун аскердик кызматын (чалгынчы) билдирген жалпы аты, кийинки айтуучулар тарабынан энчилүү ысым катары айтылып калган. «Бөрү жолдуу» деген эпитет да Б-дүн аткарган кызматын белгилеп турат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Бөрүкөк тулпары жыйырма сегизинчи келип Б. тагдырына буюрган Жанымжанга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 420, 426). Чоң казатка катышкан чоролордун бири катары да эскерилет.

Бөгөл

Бөгөл – (калм.) бала (Аталган сөз катышкан макаланын автору, манасчы Улан Исмаиловдун айтуусунда – санжырадагы маалымат боюнча).

бөгөл

бөгө этишинин туюк мамилеси.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: