Меню
Эл-Сөздүк

БЫЧАК

«Бычакка саптуу уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү». (эр Төштүк). Бир жак кыры миздүү, кармоого эпиндүү, металлдан, мүйүздөн, сөөктөн, жыгачтан жумуру сабы бар бирдемелерди кесүүчү аспап-курал. Бычактын сабына чеберлер «сыя төгүү», «чапкылоо» сыяктуу зергерчиликтин түрдүү ыкмалары менен элдик көркөм оюм-чийимдерди түшүрүшөт. Асыл таш, айнек аркылуу «тогуз төбөлөйт». Бычакты пайдалануу да адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата болот. Сабына ар кандай акак таштарды, айнекти чөгөрүлүп жасалган «бычактар» күлгүн жигиттерге таандык болот. Мунун чоңун «шамшар» деп аташат. Мүйүз сап, жыгач сап, металл сап бычактарды улгайгандар атайын кын жасатып, жанда алып жүрүшчү.
      Депкир сабына күмүш жалатып, ага оюм-чийим түшүрүшкөн.

бычак

бычак, бычагы, бычакка
бычакка илинер
бычакка сап
бычакка түшүү (өлүмгө
да баруу)
бычактын мизинде
бычактай тийүү (өтө жагымсыз таасир)

бычак

зат.. 1. Кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар курал. Маки, бычактарын чыгарып, дасторкон үстүнө таштап, эттин келишин күтүштү (Убукеев).
2. өт. Абдан каршы. Аш казаны ооруган кишиге аракбычак.
Бычакка саптык — бир нерсеге жарай турган, жөндөмү, кайраты бар. Бычакка саптык уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Бычактай тийүү — өтө катуу тийүү. [Батыш].. эринин абалын көрүп турат, ага ороюраак сүйлөгөн сөз бычактай тиерин сезет (Байтемиров). Кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет (Баялинов). Азуусу бычак — каардуу, ачуулуу, ырайымсыз. Азуусу бычак залимден Айдалып атаң тарп болгон (Токтогул). Кырды бычак — абдан каршы, кас, бирин-бири көрө албаган. Мен аны менен кырды бычакмын. Бычак сырты к. сырт. Бычактын мизинде — кыйынчылыкта, оор абалда.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобычак
Множ. числобычактар
Синонимы
маки
кылыч
канжар
Склонение по падежам - "бычак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бычак
Родительный Чей?бычактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бычакка
Винительный Кого?, Что?бычакты
Местный Где?, У кого?бычакта
Исходный Где?, У кого?бычактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?бычактар
Родительный Чьи?бычактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бычактарга
Винительный Кого?, Что?бычактарды
Местный Где?, У кого?бычактарда
Исходный Откуда?, От кого?бычактардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: