Menü
Эл-Сөздүк

АЛАМАН

АЛАМАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чабарманы. Көкөтөй өлгөндө Манастын азага келатканын Бокмурунга алдын ала кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

аламан

аламан, аламанга
аламан байге
аламан коюу
аламан сүйлөө
аламан уруш

аламан

зат. 1. Жабыла качыруу, жапырт кирүү, иретсиз, жапырт кирген салгылаш, кармаш, күрөш ж. б. Аламанга киргенде Жааңды үзбөй атып жүр («Эр Табылды»). Бул Көкдөөнүн көп балбан Аламан уруш коёт го? («Эр Төштүк»).
2. Иретсиз, тартипсиз чогулган топ, үймөлөктөшүп дуулдашкан көпчүлүк. Бурула албай, алдыма Түшүп берди аламан («Курманбек»). Кылычынын мизинен кыргын тапты аламан («Курманбек»).
3. Баш аламан, иретсиз, туш келди. Үч жашар ойноо кезинде Тили чыгат булбулдун, Аламан сүйлөп бергенде Кайгысы чыгат муңдуунун (Токтогул).
4. Аламандаган, көөдөк, алды-кийнин байкабаган. Аламан жигит мүнөзү Айтканды укпайт чыркырап (Осмонкул).
Аламан коюу — жапырт ат коюу, жапырт качырып кирүү. Мунусту көздөй бет алып, Аламан коюп алыптыр («Манас»). Аламан коюп кетпесин, Абдан жолун чалып тур («Эр Табылды»). Баш аламан — иретсиз, белгилүү бир тартипке келтирилбеген, аралаш, туш келди. Үй ичи күү-күү болуп, баш аламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Баш аламан качкан эл Турдубектин кыйкырыгынан улам токтой калышты (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоаламан
Множ. числоаламандар
Склонение по падежам - "аламан"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?аламан
Родительный Чей?аламандын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аламанга
Винительный Кого?, Что?аламанды
Местный Где?, У кого?аламанда
Исходный Где?, У кого?аламандан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?аламандар
Родительный Чьи?аламандардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аламандарга
Винительный Кого?, Что?аламандарды
Местный Где?, У кого?аламандарда
Исходный Откуда?, От кого?аламандардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: