Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АЛАМАН
 

АЛАМАН

 
АЛАМАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чабарманы. Көкөтөй өлгөндө Манастын азага келатканын Бокмурунга алдын ала кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

аламан

 
аламан, аламанга
аламан байге
аламан коюу
аламан сүйлөө
аламан уруш

аламан

 
зат. 1. Жабыла качыруу, жапырт кирүү, иретсиз, жапырт кирген салгылаш, кармаш, күрөш ж. б. Аламанга киргенде Жааңды үзбөй атып жүр («Эр Табылды»). Бул Көкдөөнүн көп балбан Аламан уруш коёт го? («Эр Төштүк»).
2. Иретсиз, тартипсиз чогулган топ, үймөлөктөшүп дуулдашкан көпчүлүк. Бурула албай, алдыма Түшүп берди аламан («Курманбек»). Кылычынын мизинен кыргын тапты аламан («Курманбек»).
3. Баш аламан, иретсиз, туш келди. Үч жашар ойноо кезинде Тили чыгат булбулдун, Аламан сүйлөп бергенде Кайгысы чыгат муңдуунун (Токтогул).
4. Аламандаган, көөдөк, алды-кийнин байкабаган. Аламан жигит мүнөзү Айтканды укпайт чыркырап (Осмонкул).
Аламан коюу — жапырт ат коюу, жапырт качырып кирүү. Мунусту көздөй бет алып, Аламан коюп алыптыр («Манас»). Аламан коюп кетпесин, Абдан жолун чалып тур («Эр Табылды»). Баш аламан — иретсиз, белгилүү бир тартипке келтирилбеген, аралаш, туш келди. Үй ичи күү-күү болуп, баш аламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Баш аламан качкан эл Турдубектин кыйкырыгынан улам токтой калышты (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саналаман
Көптүк саналамандар
Жөндөлүшү - "аламан"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?аламан
Илик Кимдин? Эмненин?аламандын
Барыш Кимге? Эмнеге?аламанга
Табыш Кимди? Эмнени?аламанды
Жатыш Кимде? Эмнеде?аламанда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?аламандан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?аламандар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?аламандардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?аламандарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?аламандарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?аламандарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аламандардан

Найти все переводы слова "АЛАМАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛАМАН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru