Iзат. Киши турууга, мал же башка үй айбандары үчүн дубалдары кыштан же топурактан тургузулуп жасалган үй. Там үй. Уй там. Тоок там. ♦ Там-таш — үй жана короо-жай. Жамгыр түн ортосунда там-шашты дыбырттатып сабап кирди (Бейшеналиев). Элдин баары там-ташын оңдоп, жаңы үйлөр салууга киришти (Бейшеналиев). ТАМIIэтиш. Тамчы түрүндө үзүлүп-үзүлүп, бөлүнүп түшүү, тамчылоо. Мына-мына тамчы турат тамганы (Аалы). Жаандын бүгүн жааганын карачы. Демейде тилеп жатса да бир таамп койбос эле (Байтемиров). ТАМIIIэтиш. Тутануу, күйүү. Өчкөн отум тамгандай, Бир укмуш көзгө көрүндү (Жантөшев). ТАМIV:там-туңбасуу — жаңыдан басайын деп аракеттенип, бут шилтөө, жыгылып-туруп, тамтаңдап басуу. Үсөн тамтуң басып келип, тизесин кучактай жыгылган кызын кайра тургузуп, көтөрүп алып төркү бөлмөгө жөнөдү (Таштемиров).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как там
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
2Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 - 2? Ответ:
Отправить