Меню
Эл-Сөздүк

сыз

сыз (ным)
сызга отуруу

сыз-

сыз- (чий)

сыз-

сыз- (өрүү, токуу)

сыз-

сыз- (учуу)

сыз

I зат. Ным, нымдуулук, нымдуу. муздак жер. Сыз жерге отурбагылачы, балдар («Ала-Тоо»). Жаткан жерим сыз болду, Жайда мага кыш болду (Токтогул).
Сызга отуруп калуу — алданып калуу, караманча куру калуу, такыр айрылып калуу. Жер-суусун тарттырып жиберип, томаяктар сызга отуруп калышты (Абдукаримов).
СЫЗ II этиш. 1. Кагаз бетине же башка нерсенин бетине чийме түшүрүү, чийүү, сызык жүргүзүү. Доскага бир нече сызык сызып, жаңы сабакты баштоого киришти («Ала-Тоо»).
2. Жазылган нерсени чийип өчүрүү, үстүнөн сызып жокко чыгаруу. Менин фамилиямды тизмеден сызып салышты («Чалкан»).
3. өт. Жол салуу, жолун көрсөтүп кетүү. Бара жаткан жолуңар Лениндин сызган сызыгы (Барпы). Лениндик жолтуура сызган эң кенен, Элдер келет Ленин баскан из менен (Шамшиев).
4. Боо же сызма жасоо. Сызма сызып жатышат. Боо сызып берейин.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: