Меню
Эл-Сөздүк

сана-

сана-

сана-

сана- (эсепте-)

сана-

сана- (ойло-)

сана

I этиш. Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана.
САНА II этиш. 1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, беш каман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул).
  2. 3.                  Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыктуу курал санайбыз (Турусбеков).

Ак саноо — бирөөгө жакшылык ойлоо, жакшы ойдо, ак ниетте болуу. Арам саноо — жаман ойдо болуу, шектенүү. Жокко саноо — жокко эсептөө, жок болгон катары ойлоо. Кам санабоо к. кам I. Кара саноо к. кара III. Кооп саноо — шектенүү, күнөм кылуу, шек саноо.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: