Меню
Эл-Сөздүк

коррупция

ж.
коррупция (парага, акчага сатылуучулук; капиталисттик өлкөлөрдө - коомдук жана саясий ишмерлерди, мамлекеттик чиновниктерди жана кызмат адамдарын пара берип сатып алуучулук жана алардын парага, акчага сатылып кетүүчүлүгү).

Коррупция

КОРРУПЦИЯ (лат. corruptio – паралап сатып алуу) – саясат чөйрөсүндөгү же мамлекеттик башкаруудагы коомдук кооптуу көрүнүш. Ал мүлккө же мүлк түрүндөгү эмес байлыкка ээ болуу үчүн бийлик өкүлдөрүнүн өз кызмат абалынан атайылап пайдаланганынан улам көрүнөт, демек, ал адамдар кызыкдар жактар тарабынан сатылып алынат. Ага төмөндөгүлөр кирет: пара алуу, уурдоо, шалаакылык, кызмат адамдарынын мамлекеттик же менчик мүлктү энчилеп алуусу; өзүнүн ырасмий статусун ырасмий эмес пайдалануунун натыйжасында өзү же башка бирөө үчүн мыйзамсыз пайда табуу (жеңилдик, артыкчылык алуу) максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: