Меню
Эл-Сөздүк

бол-

бол-
болду-болбоду
болор-болбос
болор бала богунан

бол

этиш. 1.Белгилүү бир жайда жүрүү. Шаарда болдум. Үч жылы кыштакта болуп, айылдык мектепте иштеп жүрдүм («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Канча, кандай, кандай абал, ким, эмне экендик ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Жаман болду. Дурус болду. Он беш күн болгондо сугатчылардын экинчи кезеги келет («Ала-Тоо»). Падачы болуп мен жүрөм, Бай-манаптын колунда (Барпы). Сак болгун элим малыңа (Токтогул). Кундуздай болгон кара чач, Кең далыда буралып (Үсөнбаев).
  2. 3.                  Тез, ылдам. Бол, балам, эртерээк аттанып, төмөнкү айылга жете конолу («Ала-Тоо»). —Бол,— деди чал сөзүн бөлүп Асанга,жарык кезде камынгыла казанга (Аалы).
  3. 4.                  Жетет, жетишет. Болду эми, сөздүн акыры ушу болсун, эртең районго бирге жөнөйлү («Советтик Кыргызстан»). Болду, кечке эле маңыздана бербей, ишке өтөлү («Ала-Тоо»).
  4. 5.                  Макулдукту, туура, эп көргөндүктү билдирүү. Мага болбой койду. Болуптур, айтканыңыз айткандай орундалат («Чалкан»)
  5. 6.                  Бүтүү, аягына чыгуу, аяктоо. -Үйуңдө болдуңбу,— деди карыя.Болдум. Эки айдан бери илешип жүрүп, бүгүн араң болдум («Ала-Тоо»).
  6. 7.                  Ийгиликке жетишүү, оңунан чыгуу. Күрөшкө, бир түшүп көрөйүн дедим эле, бирок болбоду. Менден мурда башка бир жигитти дайындап коюшкан экен.
  7. 8.                  Жардамчы этиш катарында колдонулат. Бармак болду. Алат болчу. Берет болчу.

Болор-болбос — анча-мынча, биртике, бир аз. Айыктырбай ырбатат Болор-болбос жараңды (Токтогул). Болор-болбос көзүн кысып алыска Карап турду санга сүйөп таягын (Аалы). Болду-болбоду — балким, болжолу, кантсе да.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: