Меню
Эл-Сөздүк

консорциум

м. эк.
консорциум (капиталисттик өлкөлөрдө - белгилүү бир финансылык операцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн бир нече банкылардын же ири банкирлердин монополисттик бирикмеси);
консорциум банков банкылардын консорциуму.

Консорциум

КОНСОРЦИУМ (лат. consortium – тең катышуу, бирлештик) – өзалдынча ишкер түзүмдөрдүн тапшырыктарды биргелешип жайгаштыруу, өндүрүштүк, ири өлчөмдөгү кредиттик-каржылык жана маркетинг аткарымдарын жүргүзүү, өнөржай курулушунда ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу, бүткүл ишкердикти координациялоо; пайдалуу тапшырыктарды алуу жана аларды биргелешип аткаруу үчүн түзүлгөн убактылуу бирикме (макулдашуу). Консорционалдык макулдашуу менен ишке ашырылат. Жалпы ишти координациялоо адатта ири түзүмдүү К-нын лидерине жүктөлөт. Лидер К. катышуучуларынын баарысынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет жана ал үчүн биргелешкен ишмердиктин натыйжаларына жараша акы алат.



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: