Menu
Эл-Сөздүк

реабилитация

ж.
реабилитация, реабилитациялоо, реабилитация кылуу, актоо (1. жаманатты боло электен мурунку беделин калыбына келтирүү; 2. юр. коюлган айыпты жокко чыгаруу, актыкка чыгаруу; соттун чечими же административдик чара менен мурунку укугуна келтирүү).

Реабилитация

Реабилитация (актоо)

Реабилитация

РЕАБИЛИТАЦИЯ (АКТОО) (кийинки лат.– rehabilitatio – укугун калыбына келтирүү) – укуктарын калыбына келтирүү. 1) кудуретсиздик иштерде карызкордун төлөм жарамдуулугун калыбына келтирүү максаттарында колдонулуучу жолжобо. Сот же соттон тышкаркы тартипте калыбына келтирүү карызкор-юридикалык жакка жана сот тартибинде гана карызкор-жеке ишкерге карата жүргүзүлөт; 2) организмдин бузулган иштөө милдеттерин, ошондой эле оорулуулардын жана майыптардын социалдык милдеттерин жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык, педагогикалык жана социалдык иш-чаралардын комплекси; 3) саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын жана куугунтукталган элдерди Р-лоо бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Р-ланган адамдын жоготкон укуктары, аскердик жана атайын наамдары калыбына келтирилет, аларга мамлекеттик сыйлыктары, жеңилдиктери кайтарылып берилет, мыйзамдарда белгиленген тартипте компенсациялар төлөнөт.

Реабилитация

  • 1) реабилитациялоо;
  • 2) калыбына келтирүү (актоо);
  • 3) сакайтуу



  • Found words in another language:

    KG


    Found similar words in another language:

    KG
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: