Меню
Эл-Сөздүк

оплодотворение

ср.
уруктануу, уруктантуу (эркектин уругу ургаачынын уругу менен биригиши).

Оплодотворение

(физиол.) боозу, боозутуу, уруктануу, уруктандыруу, токтоо, токтонуу; желиндүү айбандардын, кала берсе, малдын ургаачысынын боозушу, токтошу, майда жандыктардын жана өсүмдүктөрдүн уруктанышы. Эркектин жана ургаачынын жыныстык клеткаларынын биригиши. О. внешнее — к. Оплодотворение наружное о. Внутреннее (физиол.) — ичтен уруктандыруу, уруктануу процесси организмдин ичинде өтүү; о. избирательное (ген.) — тандап уруктандыруу, ылгап уруктандыруу; о. наружное (физиол.) — сырттан уруктандыруу, уруктануу процесси организмден сыртта өтүшү, мисалы, балыктын уруктанышы; о. перекрестное (физиол.) — кайчылаш уруктануу, кызтеке жандыктар өзүн өзү уруктандырбай башкалар менен жалгашып бирин бири уруктандыруу; о. сперматофорное (физиол.) —- сперматофордон уруктануу, омурткасыз жандыктардын кээ бирлеринин эркеги уругун атайын бир түтүкчөнүн ичине салып сыртка коёт, ургаачылары ошол, түтүкчөлөр, сперматофорлор аркылуу уруктанышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: