Меню
Эл-Сөздүк

спустить

сов.
1. кого-что (переместить вниз) түшүрүү, түшүрүп коюу, ылдый түшүрүү;
спустить флаг желекти ылдый түшүрүү;
спустить в шахту шахтага түшүрүү;
2. что (на воду) түшүрүү, сууга түшүрүү;
спустить шлюпку шлюпканы (кайыкты) сууга түшүрүү;
3. что (дать вытечь) агызуу, агызып жиберүү;
спустить воду из пруда көлмөдөн сууну агызып жиберүү;
4. кого (освободить от привязи) коё берүү, агытуу, бошотуп жиберүү;
спустить собак с цепи иттерди чынжырдан бошотуп жиберүү;
5. что, перен. (переслать в низовые организации) жиберүү;
спустить директиву из центра борбордон директива жиберүү;
6. что, чего кому-чему, перен. разг. (простить) кечирүү;
я ему этого не спущу мен анын бул ишин кечирбейм;
7. что, перен. разг. (растратить) жок кылуу, чачып жок кылуу;
8. что, перен. разг. (потерять в весе) оордугун жоготуу, арыктоо, азуу;
шина спустила шинанын жели чыгып кетти;
спустить курок курокту (машааны) басуу (атылуучу куралдын спускалык курогун басуу, тартуу);
спустить петлю (при вязании)
1) (по неосторожности) жиптин илмегин чыгарып жиберүү;
2) (уменьшить число петель) тарытуу (согулуп жаткан байпактын башына жакындаганда, аны тарытуу үчүн, илмекти азайтуу);
спустить с лестницы разг. тепкичтен түртүп түшүрүү;
спустя рукава разг. шалакылык, илээндилик менен; илең-салаң (иштөө);
спустить шкуру с кого-л. разг. бирөөнү катуу жазалоо, адебин берүү, жазасын колуна берүү.
Перевести через онлайн Переводчик

Мындан бөлөк Русском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: