Меню
Эл-Сөздүк

подпись

ж.
1. (действие) кол коюу;
отдать бумаги на подпись кагаздарды кол коюуга берүү;
2. кол;
поставить свою подпись өз колун коюу;
бумага за подписью директора директордун колу коюлган кагаз;
неразборчивая подпись даана эмес кол, окуй албай турган кол.

Подпись

КОЮЛГАН КОЛ – өз колу менен жазылган фамилия, кызматтык документтердин (иликтөө актысы, корутунду) жана укуктук актылардын (мыйзам, башкаруу актысы, сот чечими, келишим) милдеттүү реквизит (белги). Тийиштүү адамдардын К. к-у башка баардык реквизиттер болгон учурда, документтерди жана укуктук актыларды юридикалык күчкө ээ кылат. Эгер адам дене-күч жагынан майыптыгынан, оорусунан же сабатсыздыгынан улам өз колу менен кол коё албаса, анын өтүнүчү боюнча муну башка бир жеке жак (кол берүүчү) жасашы мүмкүн. Анын К. к-у нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Мында бүтүм түзүүчү (же керээз жазуучу) жак өзү кол коё албаганынын себеби көрсөтүлүүсү керек. Техниканын өнүгүшү менен учурда факсимилдик жана электрондук К. к. түшүнүгү пайда болду.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: подпись

Русский Кыргызский
Фотография и подпись вместе образуют небольшой рассказ о том, что читатель может понять без чтения текста рассказа. Сүрөт менен текст биригип келип чакан баянды түзөт да, окурман кабардын өзүн окубастан туруп аны түшүнө алат.
1) Последовательность символов, полученная в результате преобразования исходной информации с использованием закрытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП), которая позволяет пользователю открытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП) установить целостность и неизменность этой информации, а также владельца закрытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП).
2) Инструмент, с помощью которого участник платежной системы подтверждает подлинность и целостность электронного платежного документа.Электронная цифровая подпись однозначно определяет участника платежной системы, подписавшего электронный платежный документ.
1) Алгачкы маалыматты электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычын пайдалануу менен кайра өзгөрткөн учурда алынган белгилердин ырааттуулугу, ал электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычынын пайдалануучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет.
2) Анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: