Меню
Эл-Сөздүк

интернирование

ср. полит.
интернирование, интернирдөө, интернировать кылуу (1. согушуп жаткан мамлекеттин войсколору калыс мамлекеттин территориясына кирген кезде аларды ошол калыс мамлекеттин кармашы жана куралсыздандырышы; 2. душмандын граждандарын согуш бүткөнгө чейин эркинен ажыратуу).

интернирование

интернирлөө (укук чектөө)

Интернирование

Мажбур жайгаштыруу

Интернирование

МАЖБУР ЖАЙГАШТЫРУУ – 1) эларалык укукта белгилүү категориядагы чет элдиктерди кандайдыр бир жерге, анын чегинен чыгып кетүү укугу жок мажбурлоо менен жайгаштыруу. М. ж-ну согушуп жатышкан мамлекеттер аскер туткундарына жана касташкан өлкөнүн башка жарандарына, бейтарап мамлекеттер – согушуп жатышкан мамлекеттердин аскер кызматкерлерине карата колдонушат. М. ж. режими согуш мезгилдеринде жарандык калкты коргоо жана аскер туткундарына карата мамиле кылуу жөнүндө 1949-жылкы Женева конвенциясы, согуш учурунда бейтарап өлкөлөрдүн укуктары жана милдеттери жөнүндө 1907-жылкы Гаага конвенциясы менен жөнгө салынат; 2) айрым мамлекеттердин ички укук эрежелеринде кылмыш жазасына же кылмыш-жаза ишинин милдеттерине байланышпаган эркиндиктерди чектөө. Саясий чара мүнөзүндө болушу (м.: Польшада 1981-ж. декабрда согуштук абалдын киргизилгенине байланыштуу оппозициялык «Солидарность!» кесиптик бирлигинин башчыларын М. ж.) мүмкүн. Кылмыш-жаза укугу социологиялык мектептин таасиринде болгон өлкөлөрдө М. ж. кээде социалдык коркунучтуу инсандарды алдынала укуктарынан ажыратуу деп аталат.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: