Меню
Эл-Сөздүк

Тоталитаризм

Тоталитардык (төбөлдүк)

Тоталитаризм

ТОТАЛИТАРДЫК (ТӨБӨЛДҮК) (орто кыл. лат. totalis – баары, бүтүндөй, толугу менен) – иш жүзүндө конституцияны, укуктарды жана эркиндиктерди жойгон, коомдук турмуштун баардык чөйрөсүнө мамлекеттин толук (тоталдык) көзөмөлү орнотулганы менен мүнөздөлүүчү саясий режимдин бир түрү. Идеологиялык ар түрдүүлүктүн ордуна бир идеологиянын төбөлдүгү орнотулат, аргандай башкача ойлонуу менен оппозициялык чыгуулар түйүлдүк кезинде эле террордук усулдар менен жок кылынат. Баардык мамлекеттик бийлик өлкөдөгү аскер тартиби орнотулган жападан жалгыз партияга таянган бир кишинин («жол башчынын») колуна топтоштурулат. Сакталып турган демократиялык институттар (парламент, шайлоолор, референдум ж. б.) эч кандай айкын мазмунга ээ болбойт жана үгүттөө максаттарында гана колдонулуучу декорация милдетин аткарат.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: