Меню
Эл-Сөздүк

сырт

зат. 1. Ички тарапка, ички бөлүккө карама-каршы жак, тышкары жак.
  1. 2.                  Бир нерсенин тышы, тышкы бети, кабатталган, катмарланган нерсенин эн сырткы бөлүгү. Дептердин сырты. Сырты калың кийим. Сырты кара бөркү бар, Сырттан Манас каркыбар («Манас»).
  2. 3.                  Оолак болгондук, сырткары тургандык, катышы жоктук. Ушак-айың сөздөрдөн сырттамын. Жамандыктан сырттамын.
  3. 4.                  Өз көзүнчө эмес, өзүнүн катышы. аралашуусу жоктук. Сыртынан мактоо. Сыртынан кол коюп жибере салуу.
  4. 5.                  Бир жагы миздүү куралдын мизине карама-каршы келген экинчи жагы. Кетмендин сырты. Бычактын сырты. Балтанын сырты.
  5. 6.                  Бийик тоолуу жерлердеги бөксөлөр, бөксө тоолор, адырмак сымал жерлер. Сырт жайытын кыштаган уйлар келе элек (Убукеев). Ысык-Көлдүн сырттары.

Сырт кийим — сырттан кийилүүчү кийимдер (мисалы: пальто, чапан, ичик ж. б.). Сырттан окуу — окуу жайларындагы күндөлүк сабактарга, лекцияларга үзгүлтүксүз катышпастан, көбүнчө өз алдынча даярданып окуй турган окуу системасы. Сыртын салуу — жактырбаган түр көрсөтүү, жакшы мамиле кылбоо, мурчуюп калуу. Данияр Жамийлага таң калгандай түктүйө карап, сыртын салды (Айтматов). Бычак сырты — жука, калыңдыгы бычактын сыртынчалык; аз эле, бир аз. Батыш өз боюн жогору көтөрүп, Гүлнардан бычак сырты өйдө тургандай болот (Сыдыкбеков). Муруту жаңы келаткан Бычак сырты кылтыйып (Осмонкул).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: