Menü
Эл-Сөздүк

Роспуск жогорку кенеша кр (парламента)

Кр жогорку кеңешин (парламентти) таркатуу

Роспуск жогорку кенеша кр (парламента)

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИН (ПАРЛАМЕНТТИ) ТАРКАТУУ – КР Президенти тарабынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда таркатылышы мүмкүн: а) референдумдун жыйынтыгы боюнча; б) КР Премьер-министрин дайындоого макулдук берүүдөн үч ирет баш тартканда; в) КР ЖК тарабынан КР Президентине күнөө коюу боюнча КР Конституциялык сотунун тескери корутундусу чыккан учурда; г) КР ЖК менен башка бийлик бутактарынын ортосунда карама-каршылыктан улам келип чыккан тирешүүлөрдөн кризис пайда болгон учурда; д) КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмесинин чечими боюнча өзүн-өзү мөөнөтүнөн мурда тараткан учурда. Согуш жана тынчтык, мамлекеттин бүтүндүүлүгү, бийлик бутактарынын жарамдуулугу тууралуу маселелер боюнча КР ЖК менен бийликтин башка бутактарынын ортосундагы бир пикирге келе албаган талаш-тартыштар келишкис карама-каршылык катары эсептелет. КР ЖК таркатылган учурда КР Президенти КР ЖК депутаттарын шайлоо мөөнөтү жаңы шайланган КР ЖК депутаттары өзүнүн алгачкы жыйынын таркатылган маалдан 6 айдан кеч эмес мезгил аралыгында өткөргүдөй кылып белгилейт. КР ЖК төмөндөгүдөй учурда таркатылбайт жана өзүн-өзү таратпайт: а) өзгөчө же согуштук кырдаалдын маалында; б) КР ЖК тарабынан КР Президентин кызмат ордунан кетирүү маселеси каралып жаткан чакта; в) эгер КР Президентинин ыйгарым укуктарынын бүтөрүнө 6 айга жетпеген убакыт калса.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Роспуск жогорку кенеша кр (парламента)

Rusça Kırgız
местного кенеша Жергиликтүү кеңеш
Жогорку Кенеш указов КР: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
проводить сеансы Жогорку Кенеша; Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып баруу;
Сколько мест есть в Жогорку Кенеше? Жогорку Кеңеште канча орун бар?
Жогорку Кенеш Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.
Как члены Жогорку Кенеша избираются? Жогорку Кеңештин мүчөлөрү кандайча шайланат?
Жогорку Кенеш Кыргызской Республики; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши;
Жогорку Кенеша Кыргызской Республики. Кыргыз Республикасынын жогорку кеңеши
В компетенцию Жогорку Кенеша относятся: Төмөндөгүлөр Жогорку Кеңештин компетенциясына кирет:
подписывает акты, принятые Жогорку Кенешем; Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коюу;
Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы:
Компетенция Жогорку Кенеша в водных отношений Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жагындагы компетенциясы
Депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;
Полномочия Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары
Постановление Жогорку Кенеш Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
Принят Законодательной палаты парламента КР 8 октября 1997 1997-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
В компетенцию Жогорку Кенеша в водных отношений подлежат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жагындагы компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
Данный договор должен быть ратифицирован КР Жогорку Кенеша. Бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланышы зарыл.
Принят Законодательным собранием Жогорку Кенеша 30 января 2003 2003-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
осуществлять контроль за деятельностью офиса Жогорку Кенеша; Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөө;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: