Меню
Эл-Сөздүк

посланник

м.
1. дип. посланник, элчи, өкүл;
2. уст. (посланец) шайланып жиберилген адам.

Посланник

ӨКҮЛ ЭЛЧИ – дипломатиялык карым-катнаш жөнүндөгү Вена конвенциясынын 14-статьясына ылайык 2-класстагы дипломатиялык агент (өкүл), ырасмий иш тажрыйбада Атайын өкүл элчи жана Ыйгарым укуктуу министр деп аталат. Башка класстагы дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн башчыларындай эле укуктар берилет. Дипломаттык корпус мүчөлөрүнүн даражаларын аныктоодо гана Ө. э. элчилерден кийинки экинчи орунда турат. СССРде дипломаттык өкүлдөрдүн бул классы 1941-ж. киргизилген, Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүл элчи деп аталган; 1948-жылы СССР ТИМинин түзүмүнө 1 жана 2-класстагы Ө. э. кызматы (ранг) киргизилген. Азыркы учурда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Ө. э. даражасы Тышкы иштер министрлигин коллегиясынын сунуштамасы боюнча КР Президенти тарабынан ыйгарылат. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Ө. э. дипломаттык рангы ишмердиги тышкы саясий милдеттерди ишке ашырууга байланышкан КР ЖКнын депутаттарына, КР Президенттин администрациясынын, КР Премьер-министринин Аппаратынын жана КР ЖК Аппаратынын кызматкерлерине да берилиши мүмкүн.

Посланник

Кичи элчи- өкүл (шайланып жиберилген адам) 1961-жылдагы дипломатиялык катыштар жөнүндө Вена конвенциясында белгиленгендей 2-класстагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: