Меню
Эл-Сөздүк

Полость амниотическая

(эмбр.) амниондук көңдөй; чөп көңдөйү, тон көңдөйү, түйүлдүк, күмөн суусунда калкып жаткан көңдөй. П. брюшная — к. Брюшная полость; п. Гайморова — к. Гайморова полость; п. Гастроваскулярная (анат.) — гастроваскулус көндөйү; гидроид медузалардын курсак-тамыр көңдөйү, п. грудная — к. Грудная полость; п. жаберная — к. Жаберная полость; п. мантийная — к. Мантийная полость; п. носовая — к. Носовая полость; п. околожаберная — к. Околожаберная полость; п. околосердечная (анат.) — жүрөк кабынын көңдөйү, жүрөктү сыртынан каптап турган чарым челдин көңдөйү, мында жүрөк жатат; п. — Полость околосердечная; п. пищеварительная (анат.) — ичегарын көңдөйү, тамак өтүүчү, орун алуучу, эрүүчү, сиңүүчү, калдыктары сыртка чыгуучу көңдөй; п. предротовая (анат.) — уурт көңдөйү, тиштердин, жаактардын сыртында, эриндердин, уурттардын ичинде жаткан көңдөй; п. ротовая — к. Ротовая полость; п. суставная (анат.) — муун көңдөйү, муун кабынын ичиндеги көңдөй, мында жиликтердин ашташкан баштары жана синовий сары суусу жатат; п. тазовая (анат.) — уча көңдөйү, желиндүү айбандардын курсак көңдөйүнүн артындагы көңдөй, мында табарсык, түз чучук, жатын, кийин (ургаачы айбандыкы) ж.у.с. органдар жатат; п. тела вторичная — к. Вторичная полость; п.т. несегментированная (морф.) дененин сегменттелбеген көңдөйү, айбандардын ички көңдөйү сегменттерге бөлүнбөй калышы; п.т. первичная (эмбр.) — дененин мурунку көңдөйү. дененин адепки көңдөйү, түйүлдүк өөрчүү процессинде денесинде биринчи жаралган көңдөй; п.т. сегментированная (морф.) — дененин сегменттелген көңдөйү, омурткасыз айбандардын кээ бирлеринин ички көңдөйү сегменттерге бөлүнгөн.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Полость амниотическая

Русский Кыргызский
брюшная полость курсак, ич

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: