-
плечо
-
ср.
1. ийин;
нести на плече что-л. бир нерсени ийинге көтөрүп басуу;
правое плечо вперёд! (команда) оң ийин алга!;
пожимать плечами ийнин куушуруу;
плечом к плечу катар туруу, жакын туруу, ийиндеш туруу;
2. тех. ийин (рычагдын ийни);
как гора с плеч свалилась ийинден тоону алып таштагандай (бир оор иштен, убаракерчиликтен кутулуп, жеңиле түшкөндө);
с плеч долой иш бүттү, эми кам жок;
с плеча
1) (наотмашь) кыя чабуу (мис. кылыч менен);
2) перен. (не подумав) ойлонбостон, туш келди эле;
не по плечу колдон келбейт;
мне эта работа не по плечу бул иш менин колумдан келбейт;
вынести на своих плечах ишти өз мойнуна алып бүткөрүү;
надо иметь голову на плечах акыл-эс менен болуу керек, өз акылы өзүндө болуу керек;
иметь за плечами что-л. разг. бир нече жыл жашоо же иштөө (аларды башынан өткөрүү);
на плечах противника воен. качып бара жаткан душманды желкелеп (жакын жүрүп, тындырбай) кубалоо.
Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Плечо