Меню
Эл-Сөздүк

Официальная котировка валют

валюталардын расмий куну (котировкасы)

официальная котировка валют

валюталардын расмий куну (котировкасы)

Официальная котировка валют

валюталардын расмий котировкасы
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Официальная котировка валют

Русский Кыргызский
Банк Кыргызстана объявляет официальный курс обмена между сомов и других валют. Кыргыз банкы башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун жарыялайт.
Графическая иллюстрация вероятностного распределения случайной величины (например, изменение курсов валют). Күтүүсүз келип чыккан көрсөткүчтөрдү (мисалы, валюта курсунун өзгөрүүсү) бөлүштүрүү ыктымалдыгынын графикалык чагылдырылышы.
Установление курса иностранных валют в соответствии с действующими законодательными нормами и сложившейся практикой. Колдонуудагы мыйзам нормаларына жана калыптанган тажрыйбага ылайык, чет өлкө валюталарынын курсун белгилөө.
Список карт, запрещенных эмитентом к приему для оплаты товаров или услуг и приема или выдачи наличных, включая обмен валют. Эмитент тарабынан товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө кабыл алууга жана валюталарды алмаштырууну кошо алганда, нак акчаларды кабыл алуу же берүү үчүн тыюу салынган карттардын тизмеси.
Официальная история развития многопартийной демократии в Кыргызской Республике началось почти в то же время, как создание суверенного государства. Кыргыз Республикасында көп партиялуу демократиянын өнүгүшүнүн формалдуу тарыхы эгемендүү мамлекеттин пайда болушу менен чогуу башталган.
Установление курсов иностранных валют, стоимости ценных бумаг или цен товаров на рынках на определенную дату, в соответствии с рыночной конъюнктурой Рынок коньюнктурасына ылайык, белгилүү бир күнгө карата чет өлкө валюталар курсун, баалуу кагаздар наркын же рыноктогу товарлардын баасын белгилөө.
Набор валют в определенной пропорции, который используется для определения валютного курса конкретной национальной или международной коллективной валюты. Белгилүү бир катыштагы валюталар топтому, алар айкын улуттук же эл аралык жамааттык валюталардын валюта курсун аныктоо үчүн колдонулат.
Процесс проверки адекватности построенной модели путем тестирования по историческим данным динамики изучаемого признака (курсов валют, процентных ставок и т.д.). Иликтөөгө алынып жаткан жагдайдын (валюта курсу, пайыздык чендер ж.б.) өзгөрүүсүн мурдатан топтолуп келген маалыматтар боюнча тесттен өткөрүү аркылуу түзүлгөн үлгүнүн шайкештигин текшерүү процесси.
Если бухгалтерский учет должен быть введен в иностранной валюте, то сообщает submittable в государственные органы, участвующих, будет содержать информацию учета выраженных в обеих зарубежных и КР валют. Эгерде бухгалтериялык эсеп чет өлкөлүк валютада жүргүзүлсө, мамлекеттик органдарга бериле турган отчетко кабыл алынган чет өлкөлүк валютада жана Кыргыз Республикасынын валютасы менен эсептелген маалыматтарды камтыйт.
Принцип расчета, который предусматривает, что окончательный перевод одной иностранной валюты произойдет только в том случае, если будет произведен окончательный перевод другой иностранной валюты или валют. Бир чет өлкө валютасын жыйынтыктап которуу башка чет өлкө валютасын же валюталарын жыйынтыктап которуу ишке ашырылган учурда гана жүргүзүлө тургандыгы каралган эсептөө принциби.
Средневзвешенное значение индексов номинальных двусторонних обменных курсов валют основных стран-партнеров, вошедших в рассматриваемую группу стран в соответствии с их удельным весом во внешнеторговом обороте страны (НЭОК). Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүндөгү алардын салыштырма салмагына ылайык, кароого алынып жаткан өлкөлөр тобуна кирген негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын номиналдык эки тараптуу алмашуу курсунун индекстеринин орточо алынган мааниси (НЭАК).
Набор валют, из которых состоит портфель международных резервов центрального банка, с установлением целевых процентных долей валют в валютном портфеле, а также целевого физического объема золота и допустимых отклонений от них. Борбордук банктын валюта портфелинде валюталардын максаттуу пайыздык үлүшүн, ошондой эле алтындын максаттуу көлөмүн, алардан жол берилген чектөөлөрдү белгилөө менен түзүлгөн валюталар топтому, алардан эл аралык камдар портфели турат.
Несмотря на укрепление валют основных торговых партнеров против сомов, нижний уровень инфляции в странах-партнерах вверх повлияли на индекс реального эффективного обменного курса, таким образом, сглаживая влияние обменного курса. Соода жагынан негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын сомго карата чыңдалуусуна карабастан, ал өлкөлөрдөгү инфляция деңгээлинин алда канча төмөндүгү реалдуу эффективдүү алмашуу курсу индексине көбөйүү жагына басым жасоо менен алмашуу курсунун таасирин те
Операция с использованием карты (например, при покупке товаров, услуг, переводе денежных средств, обмене валют или получении наличных денежных средств), в результате которой происходит изменение остатка денежных средств на счете держателя карты. Картты пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, акча каражаттарды которууда, валюталарды алмаштырууда же нак акча каражаттарды алууда), анын натыйжасында карт ээсинин эсебинде акча каражаттардын калдыктары өзгөрөт.
Под влиянием девальвации номинального двустороннего обменного курса сома против большинства валют стран торговым партнером ", общий индекс номинального эффективного обменного курса (НЭОК) снизилась на 3,7 процента по сравнению с аналогичным показателем Сомдун соода жагынан өнөктөштөрдөн болгон өлкөлөрдүн көпчүлүк валюта- ларына карата номиналдык эки тараптуу алмашуу курсунун нарксызданышынын таасири астында номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун жалпы индекси 2008- жылдын акырына карата 127,9 түзүп, 20
Каждый поставщик, у которого запрашивается котировка должна быть сообщено дополнительно, любые другие помимо расходов на товары или самих услуг, таких как применимые расходы на транспортировку и страхование, уплату таможенных пошлин, налогов элементы, буд Котировкасы суралып жаткан ар бир жөнөтүүчүгө товарлардын өзүнө кеткен чыгымдардан тышкары баага дагы башка кандайдыр бир элементтер, жеткирүүгө, камсыздандырууга, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөгө кеткен чыгымдар кошула турганы кошумча түрдө билдири
Отражают цены денежных единиц иностранных валют, выраженные в единицах национальной валюты Кыргызской Республики (сом), определяемые Национальным банком для целей использования в учете и расчетах без обязательства Национального банка покупать/продавать иностранные валюты по этим курсам. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сом) бирдигинде туюндурулган чет өлкө валюталарынын акча бирдиктеринин баасын чагылдырат, ал Улуттук банктын ошол курс боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу/сатуу милдеттенмелерисиз, эсепке алууда жана эсептешүүлөрдө колдонуу максатында Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Операции, связанные с использованием иностранной валюты в наличной и безналичной форме. Валютные операции осуществляются на условиях немедленной поставки валют («спот») и в форме срочных сделок, т.е. поставка валюты в будущем по курсу, существовавшему на момент заключения сделки («форвард»). Чет өлкө валюталарын нак жана нак эмес формада пайдалануу байланыштуу операциялар. Валюталык операциялар валюталарды дароо берүү (“спот”) шарттарында жана мөөнөттүү бүтүмдөр формасында, б.а. келечекте валюталарды бүтүмгө келишилген учурда орун алып турган курс боюнча (“форвард”) сатуу менен ишке ашырылат.
Под переоформлением долга понимается официальная отсрочка платежей по обслуживанию долга и применение новых и более длительных сроков погашения по отсроченной сумме. Переоформление долга является одним из способов облегчения бремени задолженности заемщика путем отсрочки и, в случае льготного переоформления, сокращения обязательств по обслуживанию долга. Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат.
Рынок, на котором осуществляются операции по покупке/продаже иностранных валют. По экономическому содержанию – это сектор денежного рынка, на котором уравновешиваются спрос и предложение на такой специфический товар, как валюта. По своему назначению и организационной форме – это совокупность специальных институтов и механизмов, которые во взаимодействии обеспечивают возможность свободно продать-купить национальную и иностранную валюту на основе спроса и предложения. Чет өлкө валюталарын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар ишке ашырылган рынок. Экономикалык маңызы боюнча бул – валюта сыяктуу өзгөчө товарга карата талап менен сунуш салмактанган акча рыногунун сектору. Багыты жана уюштуруу формасы боюнча бул – суроо-талап менен сунуштун негизинде улуттук жана чет өлкө валютасын эркин сатуу-сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган атайы институттардын жана механизмдердин өз ара аракеттенүүсүнүн жыйындысы.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: